Фуэго тоосунун жарылуусунда каза болгондордун саны 114кө жетти

114 кишинин сөөгү табылып, 150дөн ашуун киши жоголду.

992005
Фуэго тоосунун жарылуусунда каза болгондордун саны 114кө жетти

Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунда болгон жарылуулардан улам каза болгондордун саны 114кө жетти.

10 күн мурда жарылуулар башталган жанар тоосунун тегерегинде ушул кезге чейин 114 кишинин сөөгү табылып, 150дөн ашуун киши жоголду.

Гватемалада 4 миңден ашуун киши 3 -  июндагы жарылуудан бери баш калкалоочу жерлерде жашап жатышат.

Жетекчилердин жанар тоодогу кыймылдуулукту мурунтадан байкагандыгы бирок аймакты бошотуу чечимин чыгарбагандыгы тууралуу териштирүү баштатылган.

Жанар тоодогу жарылуулардан 1, 7 миллион кишинин таасирленгендиги болжолдолууда.  

 



Тектеш кабарлар