БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина калкын коргоо токтому кабыл алынды

Түркиянын тыгыз аракетинен кийин Алжирдин да колдоосу менен Палестина долбоорун сүйлөшүү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясы атайын жыйналышка чогулду.

992274
БУУнун Башкы ассамблеясында Палестина калкын коргоо токтому кабыл алынды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында Палестина калкы үчүн коргоо талабын кылган долбоор кабыл алынды.

Түркиянын тыгыз аракетинен кийин Алжирдин да колдоосу менен Палестина долбоорун сүйлөшүү үчүн БУУнун Башкы ассамблеясы атайын жыйналышка чогулду.

БУУнун Башкы ассамблеясында өткөн отурумда АКШ тарабынан БУУнун Коопсуздук кеңешинде вето кылынган Палестина калкы үчүн коргоону талап кылган долбоор кайра сүйлөшүлдү жана добушка салынды.

Токтом долбоору 120 макул добушу менен БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды. Токтомго 8 өлкө каршы чыкты, 45 өлкө арсар болду. Токтомго каршы чыккан өлкөлөрдүн арасында; АКШ, Израиль, Австралия, Маршал аралдары, Наури, Того, Соломон аралдары, Микронезия Федералдык Мамлекети орун алды.

АКШнын долбоорго Хамастын айыпталышына карай өзгөртүү киргизүү сунушу болсо четке кагылды.

Палестина мамлекетинин башчысы Махмуд Аббас долбоордун кабыл алынышына, «Адилеттик жана эл аралык укук үчүн жеңиш»,деген серебин салды.

БУУнун башкы катчысынан 60 күндүн ичинде палестиналык жарандардын коопсуздугу үчүн жасалышы керек болгондор орун алган отчет талап кылынган токтомдо, Израилдин ченемсиз күч колдонуусун токтотушу жана Газага коюлган блокаданы жоюшу талап кылынууда.

Палестинада 30-марттан ушул убакка дейре улам күчөгөн зомбулук окуяларына да токтолгон долбоордо, балдардын, саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана журналисттердин да Израилдин күч колдонуусуна дуушар болгону баса белгиленген.

Башкы Ассамблеянын токтомунун мыйзамдуу түрдө юридикалык күчү жок, бирок өлкөлөрдүн көз карашын чагылдыруусун камсыздоодо.

Башкы Ассамблеянын алдында Адам укуктарын байкоо уюму да Израилди бир канча жолу атайын эскерткен.

Адам укуктарын байкоо уюму, Газада демонстранттардын каза болушуна себеп болгон Израилдин ченемсиз күч колдонуусунун согуш кылмышы болуп саналаарын баса белгилеген.

 

 



Тектеш кабарлар