Тарыхый баобаб дарактары жок болуу коркунучунда
Баобаб дарактарынын кокустан куурап калышынына эмне себеп болду?
Африканын миңдеген жылдык баобаб дарактарынын күтүлбөгөн жерден куурап калышы илимпоздорду таң калтырды.
Акыркы 12 жылдын ичинде материктин эң эски 13 дарагынан 9у толугу менен куурап калды же болбосо сөңгөгүнүн чоң бөлүгү кургап калды.
Румыниядагы Бабеш-Бойяи университетинин билдирүүсүнө караганда, баобаб дарактарынын кокустан куурап калышынына климаттык өзгөрүүнүн себеп болгондугу божомолдонууда.
Изилдөөгө караганда Зимбабве, Түштүк Африка, Замбия жана Ботсвананын, метериктин символу болгон ири дарактардан ажыраган өлкөлөрдүн арасында экени белгиленди.
Баобаб дарактарынын жаштары 1100дөн 2500гө чейин өзгөрөт.
Айрым баобаб дарактары 3 миң жыл жашайт.
Адамдар менен жаныбарлар дагы бул дарактын мөмөсү менен азыктанып, ширесин ичишет.
Тектеш кабарлар
Макрон: "Адилеттүү дүйнөлүк тартипке муктаждык бар"
Эммануэль Макрон Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.