Пермь мезгилине таандык эки жырткыч түрү аныкталды

Орусиянын түндүгүндөгү Котельнич аймагында Пермь мезгилине таандык калдыктар табылды.

990214
Пермь мезгилине таандык эки жырткыч түрү аныкталды

Орусияда Пермь мезгилине таандык 2 курч тиштүү жырткыч түрүнүн сөөктөрү табылды.

АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Табигый илимдер музейи менен Орусиянын Киров шаарындагы Вятка палеонтология музейинин изилдөөчүлөрү, Орусиянын түндүгүндөгү Котельнич аймагында бүгүнкү күндөн 299-252 миллион жыл мурдагы Пермь мезгилине таандык калдыктардан 2 жырткычтын болгонун аныкташты.

Эт менен азыктангандыгы аныкталган биринчи калдыктын Котельнич фаунасындагы эң чоң жыргыч экени белгиленди.

Бул жаңы түргө «Gorynychus masyutinae» деген ат коюлду.

Биринчи калдыктан дагы кичине, узун мурундуу жана ийне тиштүү болгон экинчи түргө болсо «Nochnitsa geminidens»  деген ат берилди.

Изилдөөнүн жыйынтыгы «PeerJ» журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар