БУУ Сириянын Идлиб шаары боюнча эскертти

Антонио Гутерриш, Сириянын Идлиб шаарына жүргүзүлгөн абадан кол салуулар жана бул кол салууларда арасында балдар да болгон жарандык жоготууларга терең санааркаганын жарыялады.

990149
БУУ Сириянын Идлиб шаары боюнча эскертти

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Сириянын Идлиб шаарына жүргүзүлгөн абадан кол салуулар жана бул кол салууларда арасында балдар да болгон жарандык жоготууларга терең санааркаганын жарыялады.

БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлдүгүнөн маалымдагандай Идлибдин Казакстандын борбор шаары Астанада жетишилген келишимдин талабы боюнча чыңалууну азайтуу аймагы экенин эске салып, келишимдин кепил өлкөлөрү Орусия, Түркия жана Ирандан келишимге баш ийлиши үчүн тараптарды кыстоого алуулары талап кылынды.

Идлибдин түндүгүндөгү Зердене айылына 7-8-июнь күндөрүндө абадан кол салуу болгону белгиленген жарыяда, БУУнун баш катчысы Гутерриштин калкынын 60 пайызы кагылышуулардын себебинен жерлеринен ажыраган жарандар түзгөн Идлибге абадан кол салуу болгонуна жана бул кол салууларда арасында балдар да болгон жарандардын кыргынга учуратылышына катуу санааркаганын маалымдады.

Гутерриш тараптарга Идлибде абадан кол салуулар жана кагылышууларды дароо соңуна чыгарылышы, жарандардын жана жарандык инфраструктуранын корголушу чакырыгын салды.

Сирияда режимге таандык согуштук учактардын Идлибде чыңалууну азайтуу аймагындагы балдардын бир ооруканасы жана жарандык отурукташкан жерлерге абадан кол салып 17 жаран каза тапканы билдирилген.

Бейшемби түнү да Идлибдин Зердене айылындагы жарандык отурукташууларга карай абадан кол салууларда эң аз 42 жаран каза тапкан.

Сириянын түндүк-батышында аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы турган куралдуу топтордун көзөмөлүндөгү Идлиб, 2017-жылдын 4-5-май күндөрүндөгү Астана жыйналышында «чыңалууну азайтуу аймагы» деп жарыяланган. Бирок режим жана кээ-кээде Орусия аймакка абадан кол салууларын улантууда.



Тектеш кабарлар