Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммити өтүп жатат

ШКУнун 18-Саммити Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сөз сүйлөөсү менен башталды.

989644
Кытайда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммити өтүп жатат

Орусия четке кагылган G-7 Саммитинен кийин бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Саммити өтүп жатат.

Кытайдын Кингдао шаарында өткөн саммитте АКШнын жаңы бажы тарифтери каралат.

ШКУнун 18-Саммити Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сөз сүйлөөсү менен башталды.

Си Цзиньпин: «Суук согуш аң-сезимин жана блоктордун ортосундагы кагылышууну четке кагышбыз керек жана бирөөнүн башкаларды теңине албай өз коопсуздугун камсыздоо аракеттерине каршы чыгышыбыз керек»,-деди.

Орусиянын президенти Владимир Путин да ШКУнун G-7ден дагы маанилүү экенин жактады.

Саммитке Орусия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен катар өткөн жылы толук мүчө болгон Индия жана Пакистандын лидерлери быйыл алгач ирет катышты.

Вашингтон бийлигинин жаңы бажы тарифтери менен күн тартипке алып келген соода согушу, Түндүк Корея маселеси жана Иран менен түзүлгөн атомдук келишим саммиттин алдыңкы күн тартип беренелеринин арасында турат.



Тектеш кабарлар