Германияда ооз ачыруу

Германиянын Келн шаарында улутчулдукка жана террорго каршы көчө ооз ачыруулары өткөрүлдү.

989197
Германияда ооз ачыруу

Германиянын Келн шаарында улутчулдукка жана террорго каршы көчө ооз ачыруулары өткөрүлдү.

Түрк проспектиси деп билинген Кеуп проспектисиндеги ооз ачууга бир топ улуттан жана динден киши катышты.

Кичинекей Стамбул деп да билинген түрк проспектисинде 500 метр узундугунда столдор тизилди. Немис саясатчылар да улутчулдукка каршы биримдик кабарын берген ооз ачырууга миңден ашуун киши катышты.

Террордук уюм NSU 2004 -  жылы 9 -  июнда Койп проспектисинде бомбалуу кол салуу жасаган.

Ооз ачыруу программасы 22 киши жараланган ал террордук кол салууну айыптоо максатында 4 жыл мурда башталган.

Ооз ачыруу уюштурулган проспектидеги ишкана ээлери берген тынчтык кабарлары бүткүл Европада жаңырышынан үмүт кылышкандарын айтышты.  

 

 

 



Тектеш кабарлар