БУУнун Коопсуздук Кеңешинде убактылуу мүчөлөр шайланды
Доминикан республикасы болсо биринчи жолу коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү болду.
БУУнун Коопсуздук Кеңешинде 2019 – 2020 - жылдар үчүн убактылуу мүчөлөрдү шайлоо болду.
15 мүчөлүү коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу, 10 убактылуу мүчөсү бар. Убактылуу мүчөлөрдүн бешөөсү эки, башка бешөөсү болсо бир жыл үчүн жалпы шайлоо тарабынан шайлоо менен белгиленет.
Убактылуу мүчөлөрдүн бешөөсү үчүн шайлоо болду, Германия, Бельгия, Түштүк Африка, Индонезия жана Доминикан республикасы эң жогорку добуш алып убактылуу мүчө болду.
Шайланган өлкөлөр 2019 - жылдын 1 - январынан баштап 2 жылдык кызмат кылат. Германия жана Бельгия андан мурда 5 жолу убактылуу мүчөлүккө шайланган.
Латын Америка группасынан болгон Доминикан республикасы болсо биринчи жолу коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөсү болду.
АКШ, Орусия, Кытай, Британия жана Франция болсо БУУнун 5 туруктуу мүчөсү катары кызмат кылат.