Перуда жаңы сүрөттөлүштөр аныкталды

Наска сүрөттөлүштөрү 450 чарчы километрдик аянтка жайылган.

988462
Перуда жаңы сүрөттөлүштөр аныкталды

Латын Америка өлкөсү Перудагы Наска өрөөнүндөгү сүрөттөлүштөргө жаңылары кошулду.

«Tech Times» гезитинде орун алган кабарда, Перунун Маданият министрлигинен бир топ тарабынан дрон технологиясы колдонулуп жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө 25 жаңы сүрөттөлүш табылды.

Жаңы сүрөттөлүштөрдүн арасында Перу мифологиясында маанилүү орунга ээ болгон  киши өлтүргүч кит, бийлеп жаткан аял жана согушкердин сүрөтү бар экени белгиленди.

Бул сүрөттөлүштөрдүн борбор шаар Лиманын 400 километр түштүгүндөгү Пальпа өрөөнүндө аныкталгандыгы билдирилди.

Түштүк Перунун миңдеген километрдик чөлдөрүндө адам баласынын эң чоң сырларынын бири катары эсептелген Наска сүрөттөлүштөрү 450 чарчы километрдик аянтка жайылган.

Аймакта 800дөн ашуун түз сызык, 300дөн ашуун геометриялык фигура жана 70тен ашуун жаныбар менен өсүмдүктөрдүн сүрөттөрү бар.



Тектеш кабарлар