Фуэго жанар тоосундагы жарылууларда 109 киши каза тапты
200гө жакын киши да жоголду.
![Фуэго жанар тоосундагы жарылууларда 109 киши каза тапты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/eb44/a6c5/0738/5b1a23f240eff.jpg?time=1718787422)
Гватемаладагы Фуэго жанар тоосунда болгон жарылуулардан улам каза болгондордун саны 109га жетти.
Гватемалалык жетекчилер 10 кишинин сөөгүнүн табылышы менен каза болгондордун саны 109 жеткендигин билдиришти. Жетекчилер 200гө жакын кишинин жоголгондугун да айтышууда.
Улуттук апаат агенттигинен берилген маалыматта Фуэго жанар тоосунда болгон жарылууларда урандыга айланган аймактагы айылдарда чогулган жана азыр да ысык болгон вулкандык агымдар менен климаттык шарттардын куткаруу группалары үчүн коркунучтуу болуп ажткандыгы, ушул себептен изилдөө куткаруу иштеринин токтотулгандыгы белгиленген болчу.
Жетекчилердин жанар тоонун кыймылын жекшемби күнү эрте менен байкагандыгы бирок аймакты бошотуу чечимин чыгарбагандыгы белгиленүүдө.
Жанар тоодогу жарылуулардан 1, 7 миллион кишинин жабыркагандыгы болжолдолууда.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718787423)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.