Лавалар жаңы кургактыктардын пайда болушуна алып келди

Килауэа вулканынан аккан лавалардын себебинен Гавайиде айрым аймактар толугу менен жок болду.

988002
Лавалар жаңы кургактыктардын пайда болушуна алып келди

АКШнын Гавайи штатында май айынын башында жанданган Килауэа вулканынан чыккан лавалар Капохо аймагын басып калып, жаңы кургактыктар пайда болду.

АКШнын Геологиялык изилдөөлөр борборунан геолог Венди Стовалл, Килауэа вулканынан аккан лавалардын себебинен Гавайиде айрым аймактардын толугу менен жок болгонун, кээ бир булуңдардын да лава менен толуп калганын жана жаңы кургактыктардын пайда болгонун билдирди.

Аралдагы туристтик аймактардан «Vacationlandди» лавалар толук басып калганын белгилеген Стовалл, жанар тоодон дагы чоң атылуулар болоорун айтты.

Килауэа вулканынан бүркүлгөн лава, таш жана уулуу газдын айынан аймактан 2 миңге жакын адам коопсуз жерлерге эвакуацияланган болчу.



Тектеш кабарлар