Boeing Иран менен келишимдерди жойду
Америкалык учак өндүрүүчүсү Boeing АКШнын Иранга карата жаңы санкцияларынан улам ирандык аба жол фирмасы менен түзгөн келишимдерди жойду.
![Boeing Иран менен келишимдерди жойду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5d70/c4eb/890e/5b18f07583ca6.jpg?time=1718860016)
Boeing жетекчиси Иран менен 2015 - жылы кол коюлган Кенен масштабдуу орток кыймыл планынан кийин түзүлгөн келишимдердин негизинде ушул кезге чейин эч бир жеткирүүнүн болбогондугун айтты.
Жетекчи : «Иранга ушул кезге чейин эч бир учак тапшырган жокпуз жана лицензиябыз болгондуктан тапшыра албайбыз»,- деди.
Boeing 40 жылга жакын созулган эмбаргодон улам АКШдан жүргүнчү учагы жана учактын запас тетиктерин сатып ала албаган Иран менен 2016 - жылы декабрда 16, 6 миллиард доллар жана 2017 - жылы апрелде 3 миллиард долларлык эки келишим түзгөн.
Boeingдин келишимдерди жоюшуна АКШнын президенти Дональд Трамптын өткөн айда КОЕПтен чыгуу чечимин чыгарышы жана 2015 - жылы токтотулган Иран санкцияларынын кайрадан салынарын билдирүүсү себеп болду.
Иранда аба жолу фирмаларынын эмбаргодон улам авиациялык флотун жаңылабашынын акыркы 30 жылдын ичинде 200дөн ашуун учак кырсыгына жана 2 миңден ашуун кишинин каза болушуна жол ачкандыгы белгиленди.