Трамп - Ким жолугуша турган жер да белгилүү болду

Трамп : «Бул бир процесс, убакытты алат. Эч качан бир жолугушуу деген жокмун. Буга бир процесс катары карап жатабыз».

986904
Трамп  - Ким жолугуша турган жер да белгилүү болду

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын арасында боло турган саммит өтүүчү жер да белгилүү болду.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс 12 -  июнда боло турган саммит тууралуу билдирүүсүн твиттер аркылуу берди.

«Президент Трамп менен лидер Ким Чен Ындын арасында боло турган саммиттин жери Сентоса  аралындагы Капелла мейманканасы болот. Урматтуу сингапурлуктардын мейман достугуна рахмат айтабыз»,- деди Сарах Сандерс.

Катчы Сандерс кечээ Ак үйдөгү күнүмдүк басма сөз брифингинде Трамп менен Кимдин арасында12 -  июнда Сингапурда боло турган саммиттин жергиликтү убакыт боюнча саат 09:00дө өткөрүлөрүн белгилеген болчу.

АКШнын президенти Трамп 1 -  июнда түндүк кореялык жогорку мартабалуу жетекчи Ким Йонг – Чол менен Ак үйдө өткөргөн жолугушуудан кийин берген маалыматында Түндүк Корея лидери Ким менен андан мурда пландагандай 12 -  июнда Сингапурда жолугушарын белгилеген болчу.

Сингапурда боло турган саммитте бардык нерсенин чечилерин эч качан айтпагандыгын белгилеген Трамп : «Бул бир процесс, убакытты алат. Эч качан бир жолугушуу деген жокмун. Буга бир процесс катары карап жатабыз»,- деген.



Тектеш кабарлар