Трамп - Ким жолугушуусунун сааты белгилүү болду

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 12 -  июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө Сингапурда жолугушат.

986258
Трамп  - Ким жолугушуусунун сааты белгилүү болду

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын биринчи жолугушуусу 12 -  июнда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө Сингапурда өткөрүлөт.

Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс Ак үйдөгү күнүмдүк басма сөз брифингинде АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолугушуусу тууралуу маалымат беришти.

Саммит тууралуу даярдыктардын улантылып жаткандыгын белгилеген Сандерс : «Президент күн сайын улуттук коопсуздук группасынан Түндүк Корея тууралуу күнүмдүк брифинг алып жатат. Ушунун негизинде биринчи жолугушуунун 12 -  июнда Сингапурда жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө башталарын айта аламын»,- деди.

Трамптын Кимден алган катына байланыштуу берилген бир суроого да жооп берген Сандерс каттын мазмуну тууралуу билдирбей тургандыгын бирок катта окуган сөздөрдүн «туура жолдо экендерин өздөрүнө көрсткөндүгүн» айтты.

Сандерс АКШнын Түндүк Кореяга жасалган максимум кысым кампаниясынын улантылып же улантылбай тургандыгы тууралуу берилген бир суроого Корея жарым аралы ядролук куралдардан тазаланганга чейин бул өлкөгө карата санкциялардын активдүү болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар