Динозавр скелети жогорку баага сатылды

Скелеттин бийиктиги 2,6 метр, ал эми узундугу 9 метр.

986387
Динозавр скелети жогорку баага сатылды

Францияда аукционго коюлган динозавр скелети 2,36 миллион долларга сатылды.

«Aguttes» аукцион үйү тарабынан Парижде Эйфель мунарасынын биринчи кабатында көрсөтүлгөн, дээрлик толук сакталган 150 миллион жылдык динозавр скелети аукциондо 2,36 миллион долларга сатылды.

АКШнын Вайоминг штатында 2013-2015-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган скелеттин бийиктиги 2,6 метр, ал эми узундугу 9 метр экени белгиленди.

Эт менен азыктангандыгы аныкталган жана скелетинин 70 пайызы зыян тартпаган бул динозаврдын түрү болсо буга чейин табыла элек болчу.

«Aguttes» аукцион үйү мындан түшкөн кирешенин бир бөлүгүнүн эки жаратылышты коргоо фондуна бериле турганын билдирди.



Тектеш кабарлар