Орусиянын преезиденти Путинден Ким Чен Ынга чакыруу

Кимдин Путиндин чакыруусун кабыл алып же кабыл албагандыгы азырынча белгисиз.

985521
Орусиянын преезиденти Путинден Ким Чен Ынга чакыруу

Орусиянын президенти В. Путиндин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды сентябрь айында Орусиянын Владивосток шаарында боло турган глобалдык форумга чакырды.

Йонхап агенттигинин орус РИА Новости агенттигине таянып берген кабарында чакыруунун Путиндин өткөн жумада Түндүк Кореяга барган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун арачылыгы менен Кимге билдирген кат менен жасалгандыгы билдирилди.

Лавров тарабынан берилген катта орус президентинин Корея жарым аралы тууралуу маселелердин чечилишине байланыштуу аракетке өтүлүшүндө акыркы күндөрдө жүргүзүлгөн дипломатиянын ийгилиги үчүн «жакшы тилектерин» билдиргендиги белгиленди.

ТАСС кабар агенттиги андан мурда Лавровдун сапарында Кимди Орусияга чакыргандыгын билдирген. Кимдин Путиндин чакыруусун кабыл алып же кабыл албагандыгы азырынча белгисиз.

 

 



Тектеш кабарлар