Гватемалада жанар тоо жарылды
Борбор шаар Гватемала Ситинин 40 чакырым түштүк-батышындагы Фуэго жанар тоосунан асманга таш, түтүн жана күл сапырылды.
Гватемалада Фуэго жанар тоосунун жарылышынын себебинен алгачкы белгилөөлөргө караганда 25 киши каза таап, ондогон киши жаракат алды.
Борбор шаар Гватемала Ситинин 40 чакырым түштүк-батышындагы Фуэго жанар тоосунан асманга таш, түтүн жана күл сапырылды.
Улуттук апаатты башкаруу мекемесинин жарыясында бир лава дарыясынын Эль-Родео айылындагы үйлөрдү басып калганын жана андагы адамдарды күйгүзүп кеткени айтылды.
Апаатта кеминде 25 киши каза тапканы белгиленип, каза тапкандардын арасында балдар жана жардам кызматкерлери да бар экени билдирилди.
Мамлекет башчысы Жимми Моралес: «Эң аз үч аймакта кыйроо болгонун болжоп жатабыз»,-деп айтып, улуттук курч кырдаал абалынын планы ишке ашырылганын жарыялады.
Элге күл жамгырынын себебинен маска тагып жүрүү чакырыгы ташталды.
Табигый апааттар агенттигинин директору Гарсиа Габанас, Гватемалада жанар тоонун жарылышынын себебинен бардыгы 1,7 миллион кишинин таасир алганын белгилеп өттү.
Габанас, 3100 кишинин үйлөрүнөн эвакуацияланганын жана издөө-куткаруу иштери уланып жатканын баяндады.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.