Түндүк Кореядан бир жетекчи АКШга барат

Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Чен  - чол оболу Кытайдын борбор шаары Пекинге барат.

981382
Түндүк Кореядан бир жетекчи АКШга барат

Түндүк кореялык жогорку мартабалуу бир жетекчи Сингапурда өткөрүлүшү пландалган лидерлер саммитинен мурда жолугушууларды өткөрүү үчүн АКШга сапар менен барат.

Түштүк Корея маалымат агенттиги Йонхаптан берилген маалыматка ылайык Түндүк Кореянын Жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин төрага орун басары Ким Чен  - чол оболу Кытайдын борбор шаары Пекиндеги аэропортто кытайлык жетекчилер менен жолугушат андан кийин АКШга барат.

Сапардын Түндүк Корея жана АКШ делегацияларынын Сингапур саммити үчүн Сеулда өткөргөн даярдык сүйлөшүүлөрүнөн кийин болушу көңүлдөрдү бурду.

Кимдин АКШда да Сингапурда өткөрүлүшү пландалган лидерлер саммитинен мурда жолугушууларды өткөрөрү белгиленди.

Түндүк Кореянын мурунку аскердик чалгындоо шефи болгон Ким ядролук куралсыздануу жана коопсуздук маселелерин билген ысым катары таанылууда.

Ким өткөн күндө Түштүк Корея башкаруусу тарабынан Түндүк Корея армиясы киришкен кээ бир провакациялык кыймылдардан жооптуу деп табылган.

2010 – жылы Түштүк Кореялык 46 деңизчинин өлүмүнө жол ачкан торпеда кол салуусун Кимдин пландагандыгы ортого салынган.



Тектеш кабарлар