Орусияга таандык тик учар радарда жоголду
Коргоо министрлиги окуя тууралуу териштирүү баштатты.
981563
![Орусияга таандык тик учар радарда жоголду](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ec76/4949/63bd/5ad6ed301b48a.jpg?time=1718852730)
Орусияга таандык Mi-2 тик учары Бальтика деңизинин жакындарында радарда жоголду.
Акыркы байланыштын Москва убактысы боюнча саат 08:00дө болгондугу билдирилген Mi- 2 тик учарындагы 3 кишинин чакырууларга жооп бербегендиги белгиленди.
Орусиянын коргоо министрлиги бул тууралуу териштирүү баштаткандыгын жарыялады.
Орусиянын чукул абалдар башкаруучулугу тик учар акыркы жолу байланыш курган аянтка абадан жана кургактыктан изилдөө куткаруу топторун жибергендигин билдирди.