Газадан Израилге кол салуу жасалгандыгы айтылууда

Газадан Израилдин бир топ аймагына 25 пулемет огу менен кол салуу жасалгандыгын, булардын көпчүлүгүнүн темир купол коргонуу системасы менен тоскоолдукка учурагандыгы билдирди.

981399
Газадан Израилге кол салуу жасалгандыгы айтылууда

Газа тилкесинде  чек арадагы  Израиль аймактарына абадан кол салуу жасалгандыгы билдирилди.

Израиль армиясынын катчысы Авичай Адраее расмий твиттер эсебинен берген маалыматында  бүгүн эрте менен Газадан Израилдин бир топ аймагына 25 пулемет огу менен кол салуу жасалгандыгын, булардын көпчүлүгүнүн темир купол коргонуу системасы менен тоскоолдукка учурагандыгын белгиледи.

Израиль басма сөзүндө орун алган кабарларда бүгүн эрте менен Газадан чек арага жакын аймактагы бир топ жерге ракеталуу кол салуу жасалгандыгы билдирилген. Израилге карата кол салуу тууралуу Палестина тарабынан азырынча маалымат бериле элек.

Израилдин акыркы эки күндө Газадагы Хамас жана Исламдык Жихад уюмдарына таандык кээ бир борборлорго жасаган абадан кол салууларда 4 палестиналык шейит болду.

 



Тектеш кабарлар