Францияда темир жол кызматкерлери иш таштады (Видео)
Францияда кызматкерлер президенти Эммануэль Макрондун реформаларына каршы чыгууда.
Франциянын улуттук темир жолу башкармалыгынын кызматкерлери иш таштоо толкундоолорунун жаңы акциясында реформа пакетине нааразылыгын билдириш үчүн кайрадан иш таштады.
Ар бир беш күндүн экөөндө иш таштоо акциясын уланткан темир жолунун кызматкерлеринин иш таштоолору транспортту тушап койду.
Иштегендер апрель айында баштаткан иш таштоо моделин июнь айынын акырына дейре улантууну пландап жатат.
Мамлекеттин монополиясында турган темир жолунун менчиктештирилиши Улуттук Парламентте кабыл алынган.
Реформа долбоору ушул аптанын ичинде Сенатта сүйлөшүлөт.
Реформанын эң кеч июль айынын башында акыркы жолу добушка салынып күчүнө кириши күтүлүүдө.
Иштегендер президенти Эммануэль Макрондун реформаларына каршы чыгууда.
Менчиктештирүү менен 120 миң мамлекеттик кызматкер жумуштан чыгарылат.
Акылардын тоңдурулушу, пенсиенерлердин акыларынын азайтылышы жана салыктардын арттырылышы күн тартипте.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.