Сирияда ПЙД-ЙПГ террор уюуна наразылык акция өткөрүлдү

Сирияда ПЙД-ЙПГ террор уюуна наразылык акция өткөрүлдү

979632
Сирияда ПЙД-ЙПГ террор  уюуна наразылык акция өткөрүлдү

Сириянын Хасеке облусунда жикчил террор уюму ЙПГ/ПККнын жаштарды мажбурлап курал карматканына нааразылык акциясы уюштурулду.

Террордук уюмдун бул жосунуна каршылык көрсөткөн хасекиликтер, шаар борборунда чогулуп акция өткөрүштү.

Террористтер митингчилерди таркатуу жана тоскоол болуш үчүн шаардын борборунун айрым кириш жана чыгыштарын жаап таштаса, айрым кишилерди да кармап кетти.

ЙПГ/ПККнын басып алуусу астындагы Хасеке, Манбиж жана Раккада, террор уюмунун мүчөлөрү аймакта 18-30 жаш курагы арасындагы жаштарды текшерүүчү пунктарында кармап алып, мажбурлап курал карматууда.

Манбиждик соодагерлер, эң акыркы жолу 20-майда террордук уюмдардын райондогу жаштарды мажбурлап курал карматуу зомбулугуна каршылык көрсөтүп ишканаларын жааап ташташкан.

Террор уюму ЙПГ/ПКК, басып алган аймактарда үстөмдүгүн арттырыш үчүн катарларын мажбурлап курал карматкан жаштар менен толтурууну пландап жатат.


Этикеткалар: #Сирияда , #Хасеке

Тектеш кабарлар