Түштүк Корея Трамптын Ким Чен Ын менен саммит өткөрүүгө ачык экенин айтканына кубанычтуу
Түштүк Кореянын президенттик катчысы Kim Eui-kyeom «Абалдарды иликтеп жатабыз»,- деди.
979554
Түштүк Корея АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен өткөрүлө турган саммитке азыр да ачык экендигин айтканына кубангандыгын билдирди.
Түштүк Кореянын президенттик катчысы Kim Eui-kyeom берген маалыматында АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда саммит өткөрүү ыктымалынын болушу кубантуучу экендигин билдирди. Kim Eui-kyeom : «Абалдарды иликтеп жатабыз»,- деди.
Трамп эки күн мурда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга кат жазып, акыркы билдирүүлөрүндөгү «кыжырдануу жана ачык душмандыктан» улам 12 - июнда эки лидердин ортосунда Сингапурда өткөрүлүшү пландалган саммитке катышпай тургандыгын билдирген болчу.