Помпеонун Түркия тууралуу сереп салуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түркия жөнүндөгү суроолорго жооп берди.

977763
Помпеонун Түркия тууралуу сереп салуусу

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Түркиянын НАТОнун шериктеши болууга муктаждыгы бар экенин айтты.

Помпео Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар комитетинде өткөрүлгөн Мамлекеттик катчылыктын 2019-жылга карата бюджет долбоорунда Конгресстин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

НАТОнун мүчөлөрү тууралуу ага берилген бир суроо боюнча Түркияга байланыштуу да сереп салган Помпео: «Түркия НАТОнун шериктеши болууга муктаждыгы бар»,-деди.

Помпео айрыкча Түркиянын Орусиядан С-400 абадан коргонуу системасын албашын үмүт кылгандарын белгилеп бул темада аракет кылып жаткандарын да айтты.

Конгресстин дагы бир мүчөсүнүн, жикчил террордук уюм ПКК жана ПЙД тууралуу суроолоруна болсо ачык отурумда жооп бергиси келбеген Помпео, жабык эшик артында өтө турчу отурумда бул темага байланыштуу айтып берээрин билдирди.



Тектеш кабарлар