Кытайдын опузасы Филиппинди тынчсыздандырууда

Филиппиндин мамлекет башчысы Родриго Дутерте, Филиппиндин флотунун түзүлгөнүнүн 120 жылдык мааракесинде борбор шаар Манилада сөз сүйлөдү.

977597
Кытайдын опузасы Филиппинди тынчсыздандырууда

Филиппиндин мамлекет башчысы Родриго Дутерте, Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги иш-чараларына токтолуп, өлкөсүнүн согушка күчү жетпей турганын айтты.

Дутерте, Филиппиндин флотунун түзүлгөнүнүн 120 жылдык мааракесинде борбор шаар Манилада сөз сүйлөп, Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги иш-чараларына шилтеме кылды жана «Бул убакта бир согушка кирүүгө күчүм жетпейт. Жеңе албайм жана жалгыз жыйынтыгы куралдуу күчтөрүбүз кыйрай турган согушка кирбейм. Кабыл алсаңыз да албасаңыз да чындык ушундай»,-деп айтты.

Флоттун өлкөнүн эгемендигин коргоо милдетин уланта турганын билдирген Дутерте, Батыш Филиппин деңизинде бул баш аламандыктын өзү кызматка келгенден мурда эле болуп келгенин белгилеп өттү.

Кытайдын эң акыркы жолу  Түштүк Кытай деңизиндеги талаштуу аралга бомбардир учагын кондурушу аймакта чыңалууну күчөткөн.

Жээктеги өлкөлөрдү эгемендик талаштарынын себебинен бетме-бет келтирген эл аралык деңиздерде Кытай жана Филиппин менен катар Вьетнам, Малазия, Бруней жана Тайвандын да укуктары бар.

Кытай, 1974-жылы жарыялаган 9 үзүк чийиндүү картасы менен эгемендик талаштары болгон аймактын 80 пайызынын үстүндө укугу болгонун жактаган.

Пекиндин талаштуу деңиздерде курган жасалма аралчалардын үстүнө курган базаларды куралдандырганы боюнча айтымдар, аймак өлкөлөрүнүн арасында чыңалуу жаратууда.

Аймакта өзүнүн коргонуу укугун эл аралык укукка жараша колдонгонун айтып чыккан жана аскердик ишканаларды курган Кытайдын, Nanşa (Spratly) аралдар тобунда, Subi Resifi (Cubiciao), Fiery Cross Resifi (Yongşudao), Mischief Resifi (Meciciao) аралдар тобундагы Moody (Yongşingdao) аралында да аскердик жана жарандык учак конуучу жол тилкелери бар.

Эл аралык коомдук пикирде Paracel жана Spratly деп аталган аралчалар тобу, Вьетнам тарабынан Hoang Sa жана Truong Sa, Кытай тарабынан болсо Şişa жана Nanşa Çundao деп аталган. Бул аралдарда Кытай, Тайван жана Вьетнам укуктары бар экенин билдирүүдө.

 



Тектеш кабарлар