Венесуэлада Мадуро кайрадан президент болуп шайланды

Улуттук шайлоо кеңешинин жетекчиси Тибисай Лусена, шайлоолорго 46 пайыздан жогору катышуу камсыздалганын жана 8 миллион 300 миңден ашуун добуштун саналганын белгилеп өттү.

975405
Венесуэлада Мадуро кайрадан президент болуп шайланды

Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадуро, өлкөсүндөгү президенттик шайлоолорду биринчи айлампада жеңип алып кайрадан президент шайланды.

Улуттук шайлоо кеңешинин жетекчиси Тибисай Лусена шайлоолорго 46 пайыздан жогору катышуу камсыздалганын жана 8 миллион 300 миңден ашуун добуштун саналганын белгилеп өттү.

Мамлекет башчы Мадуронун 5 миллион 800 миңден ашык добушка ээ болгонун белгилеген Лусена, Мадуронун орто эсеп менен 68 пайыздык добуш менен кайрадан президент болуп шайланганын жарыялады.

Лусена, берки талапкерлер Генри Фалькондун 1 миллион 820 миң, Хавьер Бертуччи 925 миң, Рейнальдо Киджаданын болсо 34 миң 614 добушка ээ болгонун билдирди.

Николас Мадуро мамлекет башчылык милдетин 2025-жылга чейин улантат.

Бир тараптан Генри Фалькон, социалдык медиа тармагынан жар салып шайлоонун жыйынтыктарын тааныбаганын жана мыйзамсыз деп жарыялагандарын бөлүштү.

 



Тектеш кабарлар