Кытай Айдын караңгы бети үчүн спутник учурду

Байланыш спутниги өлкөнүн түштүк-батышындагы «Сичан» космодромунан учурулду.

975474
Кытай Айдын караңгы бети үчүн спутник учурду

Кытай Айдын караңгы бетин изилдеш үчүн «Цюэцяо» аттуу байланыш спутнигин космоско учурду.

Бул спутник өлкөнүн түштүк-батышындагы «Сичан» космодромунан "Long March 4С" ракетасы менен космоско учурулду.

Айдын караңгы бетин изилдөөнү максаттаган спутник, ошол эле учурда Кытайдын Айга жөнөтүүнү пландаган «Чанъэ-4» аппараты менен Жердин ортосундагы байланышты камсыздайт.

«Цюэцяо» спутнигинин Жер шары менен Айдын ортосундагы Экинчи лагранждан орбитага кирүүсү күтүлүүдө.

Бул спутник Жерден 455 миң километр алыстыктагы орбинага киргенде, эң узак аралыкка жеткен биринчи спутник болот.

Кытай, «Чанъэ-4» аппаратын жылдын аягына чейин, ал эми «Чанъэ-5ти» болсо келээрки жылы Айга учурууну пландап жатат.

Марска биринчи чалгындоо аппаратын 2020-жылы учура турган Кытай, 2029-жылы да Юпитерге чалгындоо миссиясын жөнөтмөкчү.



Тектеш кабарлар