Ооганстанда чоң аянтты сел каптады

Ооганстандын Балх жана Жүзжан провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен пайда болгон селде 9 киши каза тапты.

975068
Ооганстанда чоң аянтты сел каптады

Ооганстандын Балх жана Жүзжан провинцияларында нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен пайда болгон селде 9 киши каза тапты, жүздөгөн үй суу астында калды.

Балхтын табигый кырсыктар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Рахматуллах Захид, Балхта бир канча күндөн бери уланган нөшөрлөп жааган жамгыр селге айланганын айтты.

Сел сууларына кабылган 9 киши каза болгонун айткан Захид, жүздөгөн үйдүн да кыйрып калганын билдирди.

Бир тараптан Жүзжандын табигый кырсыктар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Фаизуллах Садат, Фаиз Абад жана Акча райондорундагы бир топ айылдын сел сууларынын астында калганын билдирди.

Эки райондо 1500дөй үйдүн кыйраганын жана жүздөгөн үй-бүлөнү тик учарлар менен куткаргандарын айткан Садат, издөө-куткаруу иштери уланып жатканынын маалыматын берди.

Садат: «Үйлөрү кыйраган жүздөгөн үй-бүлө, ысык аба- ырайынын астында абдан жаман абалда жашайт. Жардам мекемелеринен чатыр, төшөк жана азык-түлүк жардамы берилишин күтүүдөбүз»,-деди.

Садат, Жүзжанда миңдеген гектар талаа аянтынын да суу астында калганын маалымдады.



Тектеш кабарлар