Палестинанын мамлекет башчысы бүткүл дүйнөгө чакырык салды

Палестина башкаруучулугу Аббастын жетекчилигинде басып алуу астындагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарында орун алган Мамлекет башчылык сарайында чогулду.

971423
Палестинанын мамлекет башчысы бүткүл дүйнөгө чакырык салды

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, АКШнын Кудста ачкан элчилигин «жаңы еврей отурукташуучу жери» катары мүнөздөп, эл аралык коомчулукка  Израилдин Газада кылган кыргынын токтотуу чакырыгын салды.

Палестина башкаруучулугу Аббастын жетекчилигинде басып алуу астындагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарында орун алган Мамлекет башчылык сарайында чогулду.

Израиль аскерлеринин Газада 59 палестинди шейит кылышынын себебинен өлкөдө 3 күн аза күтүү жарыялаган Палестинанын мамлекет башчысы Аббас, Некбенин (Чоң апаат) 70 жылдыгынын себебинен өлкө боюнча митингге чыгуу чакырыгын таштады.

Аббас, Израилдин курчоосу астындагы Газа жана Батыш Шериада Палестина калкына карай кыргын салганын баса белгилеп, «Сионист террордук уюмдар 1948-жылы да Палестина калкын өз жерлеринен көчүүгө мажбурлаган»,-деди.

АКШнын Израиль-Палестина тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү арачылык ролун жоготконун кайталаган Аббас, кечээ Кудста ачылган АКШнын Элчилиги үчүн болсо, «Ал элчилик эмес, жаңы еврей отурукташуу жери. Мурда Израилдин жерлерибизде еврей отурукташкан бөлүмдөрүн куруусуна жардам берген АКШ, бүгүнкү күндө өзү биздин жерлерибизде еврей отурукташкан жерин курду»,-деп айтты.

Израилдин тарыхый чындыктарды бурмалап тарыхый Палестина жерлериндеги чындыкты жок кылууга аракет кылганын белгилеген Аббас, палестиндердин өз мамлекеттерин курганга дейре каршы чыгуусун уланта турганын баса белгиледи.

Аббас, Палестинанын палестиндердин аталарынын жерлери экенине басым жасап, эл аралык коомчулукка, уюштурулган тынчтыкчыл митингдерге күч колдонуп кийлигишкен Израилди токтотуу жана Палестина калкын коргоону камсыздоо чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар