Бретт Макгурк Нечирван Барзани менен жолугушту

Барзани Макгурк жана коштоосундагы делегацияны Эрбилдеги премьер  - министрлик турак жайында тосуп алды.

971300
Бретт Макгурк  Нечирван Барзани менен жолугушту

АКШнын президенти Дональд Трамптын ДЕАШ менен күрөшүү боюнча өкүлү Бретт Макгурк Ирак күрт аймактык башкаруусунун премьер  - министри Нечирван Барзани менен жолугушту.

Барзани Макгурк жана коштоосундагы делегацияны Эрбилдеги премьер  - министрлик турак жайында тосуп алды.

Барзанинин кеңсесинен берилген маалыматка караганда басма сөзө жабык өткөн жолугушууда АКШ делегациясы шайлоонун демократиялык жол менен өткөрүлүшү жана катышуунун башка аймактарга караганда жогорку катнашта болушунан улам Ирак күрт аймактык башкаруусунун калкына рахмат айтты.

Премьер  - министр Барзани да жалпы Иракка караганда Ирак күрт аймактык башкаруусунда шайлоого катышуу катнашынын жогору болгондугун баса белгилеп шайлоодо ийгиликтүү болгон саясий партиялардын пландуу жана көз карашка ээ болгон жаңы кабинеттин курулушу үчүн сүйлөшүүлөрдү башташы керектигин билдирди. Ирак сапарынын негизинде мурунку күнү борбор шаар Багдатка барган Макгурк Ирак парламентинин спикери Селим ел  - Жубури менен жолугушкан.

 



Тектеш кабарлар