Палестина өкмөтү эл аралык коомчулукка чакырык таштады

Палестина өкмөтү, Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан «кыргынын» токтотуусун талап кылды.

970682
Палестина өкмөтү эл аралык коомчулукка чакырык таштады

Палестина өкмөтү, эл аралык коомчулукка чакырык салып, Израилдин Газа тилкесинде жүргүзүп жаткан «кыргынын» токтотуусун талап кылды.

Палестина өкмөтүнүн басма сөз катчысы Юсуф аль-Махмуд тарабынан жазуу түрүндө берилген жарыяда, «Араб жана Ислам өкмөттөрү менен дос өлкөлөргө Газада Израиль тарабынан агызылган канды токтотуулары үчүн ар түрдүү аракетти көрсөтүүсүн, Израилдин баскынчы күчү менен күрөшүүсүндө Палестина башкаруучулугун жактоолору чакырыгын салуудабыз»,делди.

Анда, Израилдин кыргындарынын токтотулушу үчүн бүткүл дүйнөнүн кечикпестен процесске кириши жана Палестина калкына эл аралык коомчулук тарабынан колдоонун камсыздалышы боюнча чакырык салынды.

Газанын Израилдин чек арасында чатырларды курган палестиналыктар, АКШнын элчилигинин Аль-Кудска көчүрүлүшүн жана Израилдин түзүлгөн күнү болгон Некбенин (Чоң апаат) 70 жылдыгына нааразылык көрсөтүш үчүн «миллиондук жүрүш» деп аталган кеңири митингдерди уюштурууда.



Тектеш кабарлар