Орусия АКШнын чечимине кандай карайт?

Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

970475
Орусия АКШнын чечимине кандай карайт?

АКШнын Израилдеги элчилигин Кудуска көчүрүү чечимине Орусия тынчсызданганын билдирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроолоруна жооп берди.

«АКШнын элчиликти Кудуска көчүрүүсү аймакта чыңалууну арттыра турганына байланыштуу Орусиянын тынчсызданып же тынсызданбаганы жөнүндөгү суроого : «Ооба тынчсызданып жатабыз. Бул боюнча буга чейин да билдирүү жарыялаганбыз»,-деп жооп берди.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров 12-майда БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процесси боюнча атайын координатору Николай Младенов менен өткөргөн сүйлөшүүдө, Палестина-Израиль маселесиндеги абалга абдан санааркап жаткандарын баса белгилеген жана «Абал бүдөмүк жолдо. Бул бүдөмүк абал, өзгөчө АКШнын Кудус чечиминен улам дагы да тереңдеп баратат»,-деген болчу.



Тектеш кабарлар