Израиль Газада кыргын салууда

Палестиналыктардын 41и Израиль аскерлеринин огунан шейит болуп, 1 миң 500дөн ашуун киши да жараланды.

970576
Израиль Газада кыргын салууда

Израиль Газада кыргын салууда.

Газа тилкесинде АКШнын Аль-Кудс провокациясына каршылык көрсөтүү үчүн көчөлөргө чыккан палестиналыктардын 41и Израиль аскерлеринин аткан огунан шейит болсо, 1 миң 500дөн ашуун палестиналык да жараланды. Жаракат алгандардын арасында журналисттер да бар.

Израиль аскерлери, митингчилердин үстүнө учкучсуз учактар менен көздөн жаш агызуучу бомбаларды жаарыдып жатышат. Палестиналыктар болсо бул зулумдукка таш менен гана жооп кайтарууда.

АКШнын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүүсүнө нааразы болгон палестиналыктар Газа тилкеси менен Батыш шериада митингдерди өткөрүшүүдө.

АКШнын Аль-Кудс элчилигинин ачылышына дүйнөнүн төрт тарабынан да каршылык көрсөтүлүп жатат.

46 өлкөдө жүз миңдеген кишинин нааразылык акцияларына катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар