БУУнун балдар тууралуу чакыруусу

2030 – жылга чейин 400 миллион бала билимсиз калышы мүмкүн.

969280
БУУнун балдар тууралуу чакыруусу

 

БУУнун глобалдык билим берүү боюнча атайын өкүлү жана Британиянын мурунку премьер  - министри Гордон Броун  БУУда өткөргөн пресс  - жыйынында бала жумушчу, бала кезде турмуш куруу жана балдарды качыруулардын алдына алынышы, билим берүүгө колдоо берүү үчүн 11 миллион 500 миң жаштын кол топтоп эл аралык финансылык бир системанын курулушун талап кылгандыгын жана бул чакырууларга колдоо берилиши керектигин баса белгиледи.

Ар бир баланын билим алуу укугунун бар экендигин жана мектепке барышы керектигин бирок дүйнөнүн билим берүү кризиси менен бетме  - бет экендигине көңүлдөрдү бурган Броун : «Жалпы дүйнөдө 260 миллион бала мектепке бара албай жатат. 2030 – жылы бул абал жогорулоону уланта турган болсо 11 жаштан улуу болгон 400 миллион бала билимсиз болот жана дүйнөдө мектеп жашындагы балдардын жарымы тактап айтканда 800 миллиону сапаттуу билим ала албайт»,- деди.

Мектеп жашындагы балдардын жарымынын жетерлик деңгээлде билим ала албагандыгын, кээ бирлеринин тамга да тааныбагандыгын белгилеген Броун кагылышуу аймактарында мектепке бара албаган 75 миллион баланын бар экендигин, булардын 10 миллионунун качкын экендигин айтты.

Жалпы дүйнөдө үчтөн эки бөлүгү аялдар болгон 750 миллион кишинин да кат – сабатынын жок экендигин белгилеген Броун билим берүү үчүн эл аралык финансылык бир системанын курулушу жана билим берүүгө инвестиция салууга чакырды.



Тектеш кабарлар