АКШ Иранды күнөөлөдү
АКШ Иранды аймактык коопсуздукка коркунуч туудурууда деген негиз менен күнөөлөдү.
Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс берген маалыматында Тегеранга эл аралык кысым жасоого чакырды. Сандерс Иран Төңкөрүш Гвардияларынын Израиль жарандарын бутага алган ракеталуу кол салуу менен күнөөлөп : «Төңкөрүш Гвардиялары булактарын Жакынкы Чыгышта ырааттуулукту бузуу үчүн колдонууда»,- деди.
Иран күчтөрүнүн шаршемби күнү Сириядан Голан дөңсөөлөрүндөгү базаларга жыйырмага жакын ракета учургандыгын ортого салган Израиль бул кол салууга жооп катары Сирияда Иран күчтөрүнө таандык буктурмаларга абадан кол салган.
Бир тараптан да Британиянын премьер - министри Тереза Мэй менен телефон аркылуу сүйлөшкөн президент Дональ Трамамптын Ирандын аймактын ырааттуулугун бузуучу кыймылдарды кылгандыгын айткандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
Нигериядагы куралдуу кол салуу
ISWAP террористтери Борно штатынын Кукава аймагындагы дарыяда балыкчыларга кол салышты.