В. Путин Барзани менен Москвада жолугушту
Орусиянын президенти В. Путин Ирак күрт аймактык башкаруусу ИКБЙнин премьер - министри Нечирван Барзани менен борбор шаар Москвада жолугушту.
968144
![В. Путин Барзани менен Москвада жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/7b37/d337/d76c/5af0026c301fa.jpg?time=1718854406)
Орусиянын президенти В. Путин Ирак күрт аймактык башкаруусу ИКБЙнин премьер - министри Нечирван Барзани менен борбор шаар Москвада жолугушту.
ИКБЙ премьер - министрлик кеңсесинен берилген маалыматка караганда Барзанинин Путиндин расмий чакыруусу менен Москвадагы Кызыл Аянтта 9 - Май жеңиш майрамы үчүн өткөрүлгөн аскердик парадга катышкандыгы билдирилди. Маалыматта аскердик параддан кийин Путин менен Барзанинин эки тараптуу сүйлөшүү өткөргөндүгү, тараптардын Орусия менен ИКБЙнин ортосундагы карым - катнаштарын азыркы жана келечектеги абалын сүйлөшкөндөрү белгиленди.
Путиндин ИКБЙ калкына башта экономика жана энергетика болуу менен бардык тармакта ачык колдоо бергендигин айткандыгы билдирилди.