Өзбек президенти Мирзиеев Трамп менен жолугат
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, Мирзиеевдин сапарына байланыштуу маалымат берди.
АКШнын президенти Дональд Трамп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен 16-май шаршемби күнү Ак үйдө жолугат.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс, Мирзиеевдин сапарына байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.
Сандерс билдирүүсүндө: «Президент Д. Трамп Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевди Ак үйдө 16-майдагы тарыхый сапарда тосуп алат. Президент Трамп менен Шавкат Мирзиеев, АКШ менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара стратегиялык өнөктүштүктү бекемдешет»,-деп айтты.
Ошондой эле эки лидердин Өзбекстандагы реформа процесстерин, эки жактуу соода-сатык жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле Ооганстан менен катар аймактык коопсуздукка байланыштуу темаларды карап чыгышы күтүлүүдө.
Өзбекстандын президенти катары кызматын 2016-жылдан бери улантып келе жаткан Мирзиеев, Ак үйдө биринчи жолу болот.