Израиль Сириянын түштүгүнө кол салды

Кунейтра облусундагы жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү басып алынган Голандан кол салышты.

967974
Израиль Сириянын түштүгүнө кол салды

Израиль Сириянын түштүгүндөгү Кунейтра облусуна караштуу Баас жана Хадар аймактарына танка менен ок атып абадан операцияларды жүргүздү.

Кунейтра облусундагы жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү басып алынган Голандан кол салышты.

Режим күчтөрүнүн жооп бериши менен Израиль аскердик учактары Баас шаарынын тегерегиндеги аймактарга жана Кунейтра облусунун түндүк элетиндеги Тель Ахмар аймагына операция жүргүздү.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Иран Төңкөрүш Гвардиясы армиясына караштуу Кудс күчүнүн Сириядан тартып алган Голан дөңсөөсүндөгү  базаларга карай 20га жакын ракета аткандыгы белгиленди.

Маалыматта атылган бардык ракеталардын Израиль коргонуу системасы «Темир купол»  тарабынан абада таасирсиз абалга келтирилгендиги билдирилип,  кол салууда каза болгон же жаралангандардын болбогондугу белгиленди жана  : «Израиль армиясы буга маанилүү бир окуя катары карап жатат жана түрдүү сценарийлерге даяр болууну улантууда»,- деп билдирилди.

 



Тектеш кабарлар