Ирандын АКШга каршы чыгуусу
Хасан Рухани, АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсү менен жетишилген атомдук келишимден баш тартуусунун кабыл алынгыс экенин айтты.
![Ирандын АКШга каршы чыгуусу](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1d72/e174/5af5/5af1654e910e9.jpg?time=1718968250)
Ирандын президенти Хасан Рухани, АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсү менен жетишилген атомдук келишимден баш тартуусунун кабыл алынгыс экенин айтты.
Рухани: «Мындан ары Иран келишимди (кол койгон) калган беш өлкө менен улантат»,-деп айтты.
«АКШ атомдук келишимге баш ийбегенибиз жөнүндө кандай далилдери бар экенин көрсөтүшү керек», деген Рухани: «Трамптын чечими биз үчүн тарыхый тажрыйба болуп саналат»,-деди.
Ирандын келишимдин бардык беренелерине баш ийгенин, эч бир катасы болбогонун баса белгилеген Рухани: «АКШнын убадасына турбаганын көрдүк. АКШнын жалгыз колдоочусунун Израиль болгонун көрүүдөбүз», деген серебин салды.
Ирандын президенти АКШнын келишимден баш тартуу себебин түшүнүүнүн татаал болгонун да айтып: «Бул бир гана АКШ жана Ирандын ортосунда түзүлгөн келишим эмес эле. БУУнун коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген келишим болчу. Калган бардык тараптардын (кол койгон өлкөлөрдө) сенаттарында, парламенттеринде ратификацияланган келишим болчу»,-деди.