Иран келишимди калган беш өлкө менен улантат

Ирандын мамлекеттик телеканалында сөз сүйлөгөн Хасан Рухани, эч кандай түрдө бузбагандарын белгилеген атомдук келишимди ишке ашыруусун уланата тургандарын айтты.

967041
Иран келишимди калган беш өлкө менен улантат

Ирандын президенти Хасан Рухани, АКШнын президенти Дональд Трамптын өлкөсү менен жетишилген атомдук келишимден баш тартуусунун кабыл алынгыс экенин айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалында сөз сүйлөгөн Хасан Рухани, эч кандай түрдө бузбагандарын белгилеген атомдук келишимди ишке ашыруусун уланата тургандарын айтты.

Рухани: «Мындан ары Иран келишимди (кол койгон) калган беш өлкө менен улантат»,-деп айтты.

«АКШ атомдук келишимге баш ийбегенибиз жөнүндө кандай далилдери бар экенин көрсөтүшү керек», деген Рухани: «Трамптын чечими биз үчүн тарыхый тажрыйба болуп саналат»,-деди.

Ирандын келишимдин бардык беренелерине баш ийгенин, эч бир катасы болбогонун баса белгилеген Рухани: «АКШнын убадасына турбаганын көрдүк. АКШнын жалгыз колдоочусунун  Израиль болгонун көрүүдөбүз», деген серебин салды.

Ирандын президенти АКШнын келишимден баш тартуу себебин түшүнүүнүн  татаал болгонун да айтып: «Бул бир гана АКШ жана Ирандын ортосунда түзүлгөн келишим эмес эле. БУУнун коопсуздук кеңеши тарабынан бекитилген келишим болчу. Калган бардык тараптардын (кол койгон өлкөлөрдө)  сенаттарында, парламенттеринде ратификацияланган келишим болчу»,-деди.

Рухани, Тегеран бийлигинин келишимге тарап дүйнө күчтөрү менен сүйлөшкөндөн кийин атомдук иш-аракеттерин улантууга даяр экенин айтты.

Ирандын президенти Европа өлкөлөрү, Кытай жана Орусия менен сүйлөшүүлөр үчүн тышкы иштер министри Жевад Зарифти милдеттендиргенин кошумчалай кетти.



Тектеш кабарлар