«Форбес» "дүйнөнүн эң күчтүү адамдары" тизмесин жарыялады

«Форбес» журналынын тизмесинде биринчи орунду Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин алды.

967549
«Форбес» "дүйнөнүн эң күчтүү адамдары" тизмесин жарыялады

Американын экономика журналы «Форбес» тандаган «дүйнөнүн эң күчтүү адамдар» тизмесинде биринчи орунда Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин орун алды.

«Форбес» журналы  «Дүйнөнүн эң күчтүү кишилери 2018» тизмесин билдирди. Тизмеде биринчи орунда Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин, экинчи орунда Орусиянын президенти В. Путин, үчүнчү орунда болсо АКШнын президенти Дональд Трамп орун алды.

«Форбес» журналынын  жетекчилери 75 киши орун алган тизменин даярдалышында кишилердин адамдарга баа берүү жөндөмдүүлүктөрү, колдорундагы бийлиги жана финансылык булактарын канчалык таасирдүү колдонушкандарына көңүл бурулгандыгын билдирди.

Си Цзиньпиндин акыркы 4 жылдан бери биринчи орунду алган Путинди ашып өткөндүгүнө көңүлдөрдү бурууда. Тизменин биринчи 10 ысмы төмөнкүчө тизмеленген :

1 – Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин

2- Орусиянын президенти В. Путин

3- АКШнын президенти Дональд Трамп

4- Германиянын канцлери Ангела Меркель

5- Амазондун куруучусу Джефф Безос

6- Католик дүйнөсүнүн руханий лидери  Папа Франциск

7- Майкрасофтун куруучусу Билл Гейтс

8 -  Сауд Аравиянын мураскер принци Мухаммед бин Салман

9- Индиянын премьер  - министри Мандера Моди

10- Googlдын куруучуларынан  Ларри Пейдж

 

 

 

 



Тектеш кабарлар