АКШнын мамлекеттик катчысы Түндүк Кореяда

Майк Помпео Түндүк Кореяда абактагы 3 америкалыктын эркин койо берилиши үчүн аракетке өтүшкөндөрүн белгиледи.

967159
АКШнын мамлекеттик катчысы Түндүк Кореяда

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Түндүк Кореяда абактагы 3 америкалыктын эркин койо берилиши үчүн аракетке өтүшкөндөрүн белгиледи.

Түндүк Кореяга барган Помпео учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди. Помпео : «Камоодогулардын эркин койо берилишин бул өкмөткө 17 айдан берип айтып келе жатабыз. Бүгүн кайрадан сүйлөшөбүз. Эркин койо бериле турган болсо бул мыкты кадам болот»,- деди.

АКШнын президенти Дональд Трамптын Түндүк Кореянын лидери Ким Йонг Ун менен жолугушарын баса белгиледи. «Камоодогулар эркин койо берилбесе сүйлөшүү болобу?»,- деп берилген суроого : «Буйруса анчалыкка барбайбыз»,- деп жооп берди Помпео.

Помпео Түндүк Кореядан кимдер менен сүйлөшөрүнө байланыштуу  так бир жооп берүүдөн алыс туруу менен эң жогорку мартабалуу лидерлер менен сүйлөшөрүн билдирди.

Помпеонун  өткөн айда Борбордук Чалгындоо Уюму ЦРУнун директору болуп турган кезде Түндүк Кореяга жашыруун түрдө барып Ким Йонг Ун менен жолугушкандыгы ортого чыккан.

АКШ жана Түндүк Корея лидерлеринин азырынча күнү жана жери белгисиз болгон бир жолугушуу өткөрүүлөрү күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар