Трамп өз билгенин кылганы турабы?

Трамп Макронго телефон аркылуу маалымат берди.

966696
Трамп өз билгенин кылганы турабы?

АКШнын президенти Дональд Трамптын бүгүн кечинде Түркия убактысы боюнча саат 21:00де жарыялоосу күтүлгөн, «Иран менен түзүлгөн атомдук келишим» тууралуу чечимин Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен телефон аркылуу бөлүшкөнү алдыга коюлду.

Американын медиасынын айтымдарына караганда Трамп, телефон аркылуу сүйлөшкөн Макронго Иран менен түзүлгөн атомдук келишимден баш тарта турганын айтты.

Рейтерске маалымат берген бир булак, АКШнын келишимдин жеңилдетилишин көздөгөн бардык санкцияларды мурдагы абалына алып келүүгө жана буларга жаңыларын кошууга даярданганын билдирди.

2015-жылдын июль айында Р5+1 өлкөлөр тобу (Кытай, Германия, Франция, Орусия, Англия жана АКШ) Иран менен атомдук келишимге кол койгон жана бул Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (JCPOA) деп аталган.

Аты аталган өлкөлөр Ирандын атомдук программасында чектөөлөрдү кылган учурунда айрым экономикалык санкцияларды жоюуну кабыл алган.

Трамп болсо кызматка келген 2016-жылдын ноябрь айынан бери «өлкөсү түзгөн эң начар келишим» деп мүнөздөп, бул тексттеги АКШнын кол тамгасын жое турганын айтып келген.



Тектеш кабарлар