Трамп Иран тууралуу чечимин бүгүн чыгарат

Дональд Трамп, Твиттер барагынан Иран менен болгон атомдук келишим тууралуу маалымат берди.

966036
Трамп Иран тууралуу чечимин бүгүн чыгарат

АКШнын президенти Трамп, Иран менен атомдук келишим туурасындагы чечимин бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 21:00де жарыялайт.

Дональд Трамп, Твиттер барагынан Иран менен болгон атомдук келишим тууралуу маалымат берди.

Трамп: «Иран келишими тууралуу чечимимди саат 14:00тө Ак үйдө жарыялайм»,-деп айтты.

Трамп, шайлоо өнөктүгү мезгилинен бери «АКШ тарыхындагы эң начар келишимдерден бири болгонун» жактаган атомдук келишимден баш тарта турганы жөнүндө бегилерди берген.

Мындан мурдагы жарыяларында Трамп, Иран менен атомдук келишим темасында акыркы чечимин 21-майда чагара турганын билдирген жана АКШнын келтишимден чыгып Иранга кайрадан санкцияларды киргизе турганынын белгисин берген.

2015-жылдын июль айында Р5+1 өлкөлөр тобу (Кытай, Германия, Франция, Орусия, Англия жана АКШ) Иран менен атомдук келишимге кол койгон жана бул Кеңири биргелешкен иш-аракет планы (JCPOA) деп аталган.



Тектеш кабарлар