Түркия Франциянын кылыгына каршылык көрсөттү

Францияда 300 жазуучу жана саясатчы Анкаранын каршы чыгуусун тарткан талапты кылды.

965762
Түркия Франциянын кылыгына каршылык көрсөттү

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, ыйык китеп Куран-ы Керимдин кыяматка чейин корголо турганын белгиледи.

Францияда 300 жазуучу жана саясатчы Анкаранын каршы чыгуусун тарткан талапты кылды.

Арасында Франциянын мурдагы президенти Никола Саркози да орун алган  ысымдар, күч колдонуу жана еврей душмандыгын жайганы айтымдары менен Кураны Керимден айрым аяттардын чыгартылышын талап кылган.

Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын, ал талапка каршылык көрсөттү.

Калын твиттер барагынан: «Куран-ы Керим эч кимдин оюнчугу эмес. Ыйык китебибиз. Көктөн түшүрүлгөнү сыяктуу кыяматка чейин корголот. Анти-семитизм Европада пайда болгон жек көрүү идеологиясы болуп саналат. Бул маселени чечүүнү каалаган батыштыктар өз булактарын суракка алышсын. Азыркы доордо сабатсыздык жана жаман ойлуулук ушунчалык болуп жатат»,деп бөлүштү.

Вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг болсо, бул тема тууралуу Твиттерден маалымат берди.

Боздаг: «Франциянын мурдагы президенти, ашыккан ислам душманы Саркози менен кошо 300 француз жазуучу, саясатчы; «күч колдонуу жана еврей душмандыгын кылып жатат» жалаасы менен Курандан айрым аяттардын чыгартылышын талап кылды. Булар 21-кылымдын мээсиздери, варварлары жана Абу Жахилдери болуп саналат. ДЕАШтын Батыш версиясы»,-деди.

Боздаг: «Саркози эмес, бүтүндөй Ислам душмандары чогулса дагы Курандын же бир сүрөөсүнүн, аятынын окшошторун алып келе албайт жана Куранды эч качан өзгөртө албайт»,-деп айтты.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да, айрым Француз жазуучу жана саясатчылардын Кураны Керимден айрым аяттарынын чыгартылышын талап кылгандары тууралуу, «Бул жикчилдиктин, Ислам душмандыгынын жеткен жери жана интеллектуалдык сабатсыздыктын көрсөткүчү. Чээнден чыгып кетишти. Булар ушундай сүйлөгөндө эмне болот? Мечиттерге Европада кол салуулар көбөйөт»,-деди.

Чавушоглу: «Тарых бою сиз жөөттөргө зулумдук кылдыңыз. Тарых бою жөөттөргө Осмон империясы жана Түркия Республикасы, мусулмандар коргоп келишти»,-деп жазды.

Чавушоглу: «Бизде жөөт душмандыгы жок. Биздин ишеничибизге, динибизге, Кураныбызга терс түшкөн. Европада учурда жикчилдик, жактырбоочулук, мигрант душмандыгы, өзүнөн болуп эсептелбегендерди душман катары эсептөө, жикчил партиялар күчөп баратат. Сен алгач буларды токтот. Кайсы эркиндиктен сөз кылып жатасың, кимге сабак бергенге аракет кылып жатасың?»деген серебин салды.



Тектеш кабарлар