АКШдагы жанар тоо коркунуч туудурууда

Вулкандан лава, таш жана уулуу газ бүркүп жатат.

965216
АКШдагы жанар тоо коркунуч туудурууда

АКШнын Гавайи штатында өткөн жумада жанданган Килауэа вулканынан бүркүгөн лава, таш жана уулуу газдын себебинен аймактан 1 миң 700дөн ашуун адам чыгарылып кетти.

Жооптуу кызматкерлер, Лейлани-Эстейтс аймагында 26 үйдүн урап калганын, 4 имараттын лаванын астында калганын жана 1 миң 700дөн ашуун кишинин коопсуз жерлерге көчүрүлгөндүгүн билдиришти.

Жанар тоодон бүркүгөн лаванын 61 метрге чейин көтөрүлгөндүгү жана 36 миң чарчы метрдик аянка жайылганы, лаванын агымы дагы канчага уланаарынын белгисиз экени маалымдалды.

Вулкандын себебинен жерлерде пайда болгон жарыктардан эриген таштар, уулуу газ жана буу чыгып жатканы да белгиленди.

Дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири болгон Килауэада 1983-жылдан бери жарылуулар болуп турат.



Тектеш кабарлар