Ооганстанда коопсуздук директорунун үйүнө кол салуу болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандахар провинциясынын коопсуздук директору, генерал Абдул Разыктын үйүнө жан кечтилик кол салуу болду.

964902
Ооганстанда коопсуздук директорунун үйүнө кол салуу болду

Ооганстандын түштүгүндөгү Кандахар провинциясынын коопсуздук директору, генерал Абдул Разыктын үйүнө жан кечтилик кол салуу болуп 2 полиция каза тапты.

Кандахардын Коопсуздук директорлугунун катчысы Зия Дурани, 3 жан кечтиден бирөөнүн мотоциклге жайгаштырган бомбаны, Разыктын Спин Булдак районундагы үйүнүн кире беришинде жардырып жибергени белгиленди.

Жардыруудан кийин ичкериге кирүүгө аракет кылган эки кылмышкердин полициялар тарабынан атылганын айткан Дурани, кол салууда 2 полициянын каза болгонун билдирди.

Дурани, кол салуу болгон убакта коопсуздук директорунун үйүндө болгонун маалымдады.

Мындан мурда да көп жолу кол салууга дуушар болгон Кандахардын коопсуздук директору, генерал Абдул Разык, террордук уюмдарга карай операциялардын көбүнө өзү катышууда.

 



Тектеш кабарлар