Ирактын Духок шаарын сел каптады

Духок шаарында кечээ түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен пайда болгон селде 4 киши каза тапты.

965032
Ирактын Духок шаарын сел каптады

Ирактын Күрт аймактык башкаруусунун Духок шаарында кечээ түнү нөшөрлөп жааган жамгырдын себебинен пайда болгон селде 4 киши каза тапты.

Духоктун жарандарды коргоо кеңсесинин басма сөз катчысы Ребивар Абдулазиз, таасирдүү жамгырдан келип чыккан сел сууларына кабылган 27 кишинин аман куткарылганын айтты.

Абдүлазиз, селден 50 үй зыянга учурагынын жана боштоулганын, 30 унаанын жарактан чыкканын айтты.

 


Этикеткалар: #Духок шаарында , #сел

Тектеш кабарлар