Ливия жакындарында 80 качкын куткарылды
Качкындардын ичинде 28 аял, 11 бала болгон.
Ливия деңиз күчтөрүнөн берилген маалыматка караганда жээк коопсуздук топтору тарабынан кечээ өлкөнүн түндүк батышындагы Миллите газ комплексинен 25 километр алыстыкта бир шиширме кайыктагы 80 качкын куткарылды. Алардын ичинде 28 аял, 11 бала болгон.
Европага барууну каалаган качкындардын Африка өлкөлөрүнөн келгендиги такталды. Качкындардын куткарылышынан кийин керектүү гуманитардык жардамдардын берилгендиги жана качкындардын Триполинин чыгышындагы Улуттук Макулдашуу Өкмөтүнө караштуу Тажура качкындар баш калкалоочу борборго жиберилгендиги белгиленди.
Ливиядагы саясий жана коопсуздук кризистерге карабастан Европага барууну каалаган африкалык качкындардын негизги өтүүчү каалгасы караты көңүл бурулууда.
Жергиликтүү жана эл аралык булактарга караганда 24 өлкөдөн качкындар бар алардын 95 пайызы афикалыктар.