Түндүк Кореядан жаңы кадам
Камактагы 3 америкалык эркиндикке чыгат.
963929
АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда жылуу мамиле түзүлө баштады.
Американын президенти Трамптын адвокаты Жулиани, Түндүк Кореяда кармалып турган Американын 3 атуулунун эркин кое бериле турганын билдирди.
Американын «Fox News» каналынын берүүсүнө катышкан Жулиани: «Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга 3 туткунду эркин кое бергидей таасир бердик»,-деп айтып кыйыр маалымат бергенин белгиледи.
Трамптын бир канча жуманын ичинде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен менен жолугушуусу күтүлүүдө.